Ленин акимиаты №13 ҮМБнын дарыгерлери менен биргеликте Ош базарында жайгашкан «Кыял» базарынын сатуучуларына жана базар аралап жүргөн адамдарга, «КРнын Эл чеберлери» коомдук бирикмесине COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Дарыгерлер COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн айтып, жалпы коллективдүү иммунитетке жетүү үчүн калкты 70 пайыздан кем эмес эмдөө керектигин айтышты.