Биринчи май районунун акимиаты шаардыктарды COVID-19га каршы эмдөөлөрдү алууга жана аларды “Кыргызстан – Жашыл аймак” интерактивдүү картасына киргизүүгө стимул берүү боюнча бизнес түзүмдөр менен жигердүү иштөөнү улантууда.

Район акими  Жамалбек Ырсалиев бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолукту.

Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлерди жана кардарларды эмдөөнүн темпин тездетүү маселеси талкууланды.

Ж.Ырсалиев катышуучуларды кызматкерлердин, ижарачылардын арасында COVID-19га каршы эмдөө алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана «Биз жашыл зонадабыз» флешмобуна колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Айта кетсек, флешмоб коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү колдоого багытталган. Кызматкерлердин 70%дан ашыгы коронавирустук инфекцияга каршы вакцина алган мекемелерде алар “Кыргызстан – жашыл аймак” деген атайын стикер менен белгиленет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Биринчи май районунда төмөнкү аймактарда эмдөө үчүн жеңилдиктер бар:

• «Россия» кинотеатры, дареги: Чүй пр. 213 - 5%
• "LION" бут кийим дүкөндөр тармагы  - 5%
•  "ETOR" бут кийим дүкөндөр тармагы - 5%
• "BAIRA" мода үйү - 5%
• "Sierra" кофе дүкөнү - 10%
• "Парк кафе" түрк ашканасы, дареги: Т.Молдо, 28/11 - 10%
• «Атом» компьютердик клубу, дареги: Манас проспектиси, 97 - 10%
• "Жаклин" гүл дүкөнү, дареги: Жибек Жолу проспектиси, 346 - 10%
• "Madfood" кафе тармагы - 15%
• «Joma» спорт кийимдер дүкөнү, дареги: Т.Молдо, 114/1 - 20%

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эмдөө бул өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынан коргоонун бирден-бир жолу экенин эскертебиз!