Урматтуу шаардыктар!

Бүгүн таңкы саат 4:00дө борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн чыктык.

Учурда 121 жүктөгүч, 650 тазалоочу жана  715 жумушчу калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. Мындан тышкары, 38 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, 4 универсал УКМ, 4 «Беларусь» кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган.

Эртең менен 20 тонна техникалык туз сарпталды. Туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө.

Таза шаар үчүн “күрөш” тынымсыз уланат.

Ошондой эле,  саат 08:00гө карата  коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун чыгышы төмөндөгүдөй:
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын автобустары -83 бирдик;
"Бишкек троллейбустар башкармалыгы" муниципалдык ишканасы -129 троллейбус;
Кичиавтобустар – 670 даана;
«ЭкоЖүргүнчүлөрдүТашуу» ЖЧКсынын -101 жана «ШыдырЖолКейЖи» ЖЧКсынын - 10 автобустары;

Ошондой эле «АламүдүнАвтоТранс" МИнин -4 бирдиги.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде жолдордун, тротуарлардын  тазаланбаганына күбө болсоңуз,  борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыздар.