Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев “Жер-Ынтымагы” жаңы конушунда жер тилкелери боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жолугушууда мэр аталган конуштун тургундарына КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси каралып жатканын билдирди.

2021-жылдын 2-сентябрынан тартып «2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча жеке турак-жай курулган жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору КРнын ЖКнын кароосунда.

Белгиленгендей, «Жер-Ынтымагы» конушунун турак-жай курулушу Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанында, санитардык зонада жайгашкан. Бирок санитардык нормаларга ылайык, 500 метрге жакын жерге үй салууга тыюу салынат.

Ушул себептен улам, курамына «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын, Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин  өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүү, аталган маселени иликтеп, чечүү тапшырылды.

Учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык паспорттордун маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлүүдө. Аталган токтом долбоору кабыл алынгандан кийин конуштун  тургундарына белгиленген тартипте турак-жай куруу үчүн каттоо күбөлүктөрү берилет, бул аларга социалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.