Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Ак-Босого жаңы конушундагы жер тилкелеринин чек арасы жана башка маселелер боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мэр жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында карала турганын белгиледи.

Учурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык паспорттордун маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлүүдө. Аталган токтом долбоору кабыл алынгандан кийин конуш тургундарына белгиленген тартипте турак-жай куруу үчүн каттоо күбөлүктөрү берилет, бул аларга социалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Айбек Жунушалиев «Бишкексуудоканал» башкармалыгына кожолуктарды борбордук канализацияга туташтыруу иштерин тездетүүнү, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына  Чүй жана Саадаев көчөлөрүнүн жолдорун оңдоо маселесин кароону тапшырды.