Кутман таң! Бүгүн борбор калаада кар жаап жатат. Калың кардан дарак бутактары оорлойт.

Андыктан, айдоочулардан жеке мүлктөрүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону суранабыз.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна билдирүүңүздөрдү суранабыз: 1840 жана 1850 күнү-түнү, ошондой эле сүрөттөрдү жана видео номерин жөнөтүү: 0554 -182-185.
Этият болуңуздар, өзүңүзгө кам көрүп, жылуу кийиниңиздер!
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы ар дайым байланышта!