Бишкек шаарынын   мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктарды үйлөрүн  тыюу салынган буюмдар менен  жылытпоого чакырат.

Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат.

Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып салынат.

Мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү номурларына кайрылыңыздар:
- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.