Конуштарда  жайгашкан жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди алып келүү үчүн мобилдик топтор түзүлөт.

Мобилдик бригадалар түздөн-түз жеринде  иштешет.
Азыр “2012-жылдын 3-августуна чейин курулган өз алдынча жеке турак-жай курулуштары бар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга алынып, ал ушул жылдын 29-ноябрында аяктайт.

Урматтуу конуштардын тургундары! Жер тилкелерин каттоодо талап кылынуучу документтердин тизмеси менен таанышып чыгууну суранабыз.