№2 орто мектепте муниципалитеттин жетекчилиги менен шаардык ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.

Жыйынга шаардык согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, күч түзүмдөрүнүн жана тыл ардагерлеринин кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, райондук бирикмелердин төрагалары жана уюмдун мүчөлөрү катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Кеңештин төрагасына оргтехника сатып алууга 200 миң сомдук сертификат тапшырды.
Жолугушууда катышуучулар суроолорун берип, шаардык кызматтардын жетекчилеринен жооп ала алышты. Бардык суроолор протоколго түшүрүлүп, көзөмөлгө алынды.

Маалымдама: Шаардык кеңеште 9 миң 625 ардагер, анын ичинен 35 Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 1055 тыл эмгекчи, 10 концлагердин туткундары, 11 Ленинград блокадасы, 859 башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучусу, 893 ардагер, Куралдуу Күчтөрдүн 6 762 эмгек ардагери бар.

Бардык ардагерлер 33 баштапкы, 4 райондук жана 6 тармактык уюмдарга бириккен.