Шаар ишин улантып жатат. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайынкы бөлүмү мыйзамсыз курулуштар менен үзгүлтүксүз күрөшүп жатат. Түшүндүрүү иштери өткөрүлөт, анын жыйынтыгында өзүм билемдик менен орнотулган объекттердин ээлери өз ыктыяры менен алышат. Эгерде объекттер өз ыктыяры менен алынбаса, шаардык кызматтар өздөрү бузууга туура келет.
Чыгыш-5 кичи районунда  № 23 үйдүн жанында темир тосмолор алынып, 200 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Андан тышкары биздин топ Анкара,1/9 көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган темир тосмону алганга жетишти.

Мидин жана Козу-Баглан көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафенин кошумча курулушу жана күркө демонтаждалды. Мидин көчөсүндө дагы бир күркө алынды.

Урматтуу шаардыктар! Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын баракчалары социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: uzs@bishkek.kg
Twitter: @uzsmeriakg