Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Урматтуу шайлоочулар!

Алдыда өлкөнүн өнүгүүсү, келечеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өткөрүлгөнү турат.

Өлкө башчысы, Кыргыз Республикасынын Презденти Садыр Нургожоевичтин тапшырмасынын, демилгесинин негизинде шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн көп иштерди өткөрдүк.

Беш кол тең эмес дегендей, ар кандай бузуулар болду. Биз бардык бузууларга тиешелүү чараларды көрдүк.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоого активдүү катышууга жана тандаган талапкериңизди шайлоого чакырам.