Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышты.

Шаардык муниципалитеттин башчысы Чүй облусунун Кант шаарындагы №7118 шайлоо участогунда добуш берүү менен өзүнүн жарандык милдетин аткарды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Бишкек шаарындагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары өз убагында ачылып, бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Жалпысынан борбордо 228 УШК иштеп жатат.

Ошондой эле, административдик райондордо шайлоо күнү мүмкүн болуучу мыйзам бузуулар тууралуу жарандардан билдирүүлөрдү кабыл алуу үчүн ишеним телефондору уюштурулган.

Бардык кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондор  аркылуу байланышыңыз:

- Биринчи май району: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле WhatsApp: (0999) 312666;
- Ленин району: 0 (312) 65-69-02 номери, ошондой эле WhatsApp: (0702) 927288 номерине фото жана видео жөнөтүңүз;
- Октябрь району: 0 (312) 57-89-00 номери, WhatsApp: (0772) 408-412;
- Свердлов району: 0 (312) 43-38-63 номери, WhatsApp: (0556) 680-544;

КРнын БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.

Бардык участкалык шайлоо комиссиялары кечки саат 20:00гө чейин иштешет.