Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү Бишкекке алынып келинди жана аны орнотуу иштери башталды.

Россия Федерациясынын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында Екатеринбург шаарында И.В. Панфиловдун эстелиги колодон куюлду. Эстеликтин жалпы бийиктиги 9 метрди түзөт. Постамент  жана стилобат кызгылт граниттен жасалып, үч тарабы 28 панфиловчунун баатырдык эпизоддорун чагылдырган барельефтер менен кооздолгон.

И.В.Панфиловдун бетондон жана жез күкүмдөрү кошулуп куюлган алынып салынган фигурасы 1942-жылы орнотулган. Анын архитектору В.В.Верюжский, скульпторлору: О.М.Мануилова, А.А.Мануйлов, Г.И.Фриг-Кхар жана М.Эпштейн. Орнотуудан кийин эстеликти реконструкциялоо иштери жүргүзүлбөй, реставрация менен гана чектелген.

Эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулат.

Иштер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ажиева. А.А. тарабынан аткарылууда.

Белгилей кетсек, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун эстелиги республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген.