Бишкектин борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.

Балаты эки муниципалдык ишкананын — «Бишкексвет» жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан орнотулууда.

Бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр болгон каркаска  1400 даана ийне жалбырактуу бутактар бекитилет.

Шаарды долбоорлоо боюнча бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин созулат.