Айбек Жунушалиев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын байкоочулар делегациясын, Мамлекеттик Думанын Туризм жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Сангаджи Тарбаевди, ЛДПР фракциясынын депутаты, Мамлекеттик Думанын Регламент жана тейлөө боюнча комиссиясынын мүчөсү Василий Власов жана Мамлекеттик Думанын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин аппаратынын башкы кеңешчиси Анастасия Сигованы мүчөсүн кабыл алды.

Борбордун коноктору мэр менен өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоолордон алган таасирлери жана тыянактары менен бөлүшүп, алардын Бишкек шаарынын аймагында Министрлер Кабинетинин жана мэриянын уюштуруусун жогору баалашты.

Өз кезегинде Айбек Жунушалиев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып, шайлоо процессинин уюштурулушуна жана ачык-айкындуулугуна жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.