4-5-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда будо - каратэ боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Спорттук иш-чарага 10 команда, 160ка жакын спортчу катышып, мыкты команда наамы үчүн ат салышат.

Турнирдин максаты - бул спорттун түрүн калк арасында жайылтуу жана өнүктүрүү, спортко активдүү катышуу жана сергек жашоого үндөө.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Будо-каратэ федерациясы менен биргеликте уюштурууда.