Борбор калааны жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелерди, жаңы жылдык фейерверктерди жана карды бириктирген жаңы жылдык символдор колдонулат.

Бишкек мэриясы белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбековго жана анын студиясына “Бишкек-2022” жаңы жылдык символикасын иштеп чыкканы үчүн ыраазычылык билдирет.

Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын жасалгасы азыр кызуу жүрүп жатат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы майрамдын негизги символу болгон балатынын каркасын орнотууну улантууда, балатыга 1400 даана балаты бутактары илинет.  Балатынын бийиктиги 25 метрди, диаметри 12 метрди түзөт.

Учурда башкы аянтты жасалгалоо үчүн реквизиттер жана керектүү жабдуулар даярдалууда. Жасалгалого шаардык кызматтар: “Бишкекжарык”, “Тазалык” муниципалдык ишканалары,  Капиталдык курулуш башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Маданият башкармалыгы тартылат.

Шаарды жаңы жылдык жасалгалоо боюнча бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин созулат.