Борбор калаанын мэриясы стихиялуу соодага каршы күрөшүн улантууда.

Биринчи май райондук администрациясынын адистери тарабынан күйүүчү-майлоочу майлардын  стихиялуу соода түйүндөрүн жоюу боюнча пландуу рейд жүргүзүлдү.

Профсоюз көчөсү текшерилди, бул жерде биздин дайыма билдирүүлөрүбүзгө карабай, уруксатсыз бензин сатуучу пункттар кайра-кайра пайда болуп жатат.

Ошондой эле, Эркиндик бульварынын боюнда эки мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды.

Мыйзамсыз ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлүп, экинчи категориядагы айып салууга алып келет: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом.

«Мыйзамсыздардын» ээлери менен КРнын мыйзамдарын бузууга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иштер улантылууда.