Милиция кызматкерлери «Шаардык сейил бактар» муниципалдык ишканасы менен  Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан табылган 15 баш жылкыны «кармоого» алышкан.

Азыр малдар «Шаардык сейил бактар» ишканасынын сарайында багылууда. Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери жашыл аянттарга зыян келтирүү боюнча акт түзүү үчүн жылкылардын ээсинин келишин күтүп жатышат. Алдыда актынын негизинде мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлөт.