Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев социалдык тармактардын активдүү катышуучулары Улукбек Карыбек уулу менен Ринат Усупбаевди кабыл алды. Буга чейин блоггерлер борбор калаанын мэрин сындаган видеолорду таратып, аны бул кызматта жетишсиз деп эсептешкени үчүн жоопко тартууга чакырышкан.

Социалдык тармактарда жарыяланган видео билдирүүлөр У.Карыбек у. жана Р.Усупбаевдер «Бишкек унаа токтоочу жайлары жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө жана мэриянын шаарды жаңы жылга карата жасалгалоо боюнча чыгымдарына токтолушту.


Калаа башчысы социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары тарабынан ар кандай түшүнбөстүктөрдү  жоюу үчүн   жеке өзү кеңири түшүндүрмө берүүнү максатка ылайык деп таап,  «Бишкексветтин»  тендеринин жалпы суммасына майрамдын башкы символу болгон 25 метрлик балатынын жасалгасы гана эмес, жалпы эле Ала-Тоо аянтын жана шаарды кооздоо үчүн каралгандыгын белгиледи.

Ошондой эле мэр активисттерге жыйында айтылган «Бишкек унаа токтоочу жайлары жана унаа туруктары» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча айтылган маалыматтарды текшерүүгө убада кылды.