Шаардыктардын жана «Мурас-Ордо» конушунун тургундарынын кайрылуусу боюнча №206 кичиавтобустук каттам канааттандырарлык эмес иштеп жаткандыгына байланыштуу жана «Жазада-Транс» ЖЧКсы тарабынан шаар алдындагы келишимдик милдеттенмелери аткарылбай жаткандыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (ШТБ) жогоруда аталган ишкана менен келишимдик мамилелерин токтотту.

Жогорду аталган кичиавтобустун жабылышына байланыштуу, №41 автобустук каттам («Мурас-Ордо» ж/к – Ош базары)  3 айлык  мөөнөт  менен  сынак  өткөрүлгөнгө  чейин  «Шыдыр Жол Кей Жи» ЖЧКсына бекитилди. Келишимге кол коюлду.

Бүгүнкү күндө №41 автобустук  каттам пландык чыгуусу 10 бирдик менен линияга 7 бирдик чыгууда.

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Коомдук транспорттун иши боюнча суроолор болсо төмөнкү WhatsApp номерине жазсаңыздар болот: 0 (502) 205 202. Биз дайыма байланыштабыз!