Урматтуу шаардыктар! Кийинки жуманын  21-декабрынан баштап, борбордо жаңы жылдык жарманкелер башталат.

Үй-бүлөңүздөргө жана досторуңуздарга жаңы жылдык белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алсаңыздар болот:

* 21-декабрдан 26-декабрга чейин, саат 15.00дөн 18.00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында;
* 21-декабрдан 30-декабрга чейин, саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде.

Жарманкелерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталаарын белгилей кетүү маанилүү. Бет каптар, антисептиктер, аралык, эми,  эң негизгиси майрам алдындагы жакшы маанай керек.

Келиңиздер! Биз ар бириңиздерди күтөбүз!