Биринчи май акимиатында  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук ички иштер башкармалыгынын отчёттук жыйындары болуп өттү.

Жыл башынан бери 2130 адамды камтыган 202 өрт өчүрүү машыгуулары өткөрүлүп, 796 адамды камтыган 22 лекция окулуп, жергиликтүү бийлик органдарына өрт коопсуздугу боюнча маалыматтык буклеттер жана плакаттар таратылды.

2022-жылы Ала-Арча дарыясынын нугундагы суунун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Заводская көчөсүнүн бетон дубалынан түндүк багытындагы жөө жүргүнчүлөр көпүрөсүнө чейин 370 чарчы метр аянтты тазалоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Белгилей кетсек, дарыянын абалын КРнын ӨКМ менен биргеликте «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Райондук ички иштер бөлүмү менен болгон жолугушууда милиция кызматкерлеринин 2021-жылдын 11 айында аткарган иштери тууралуу маалымат угулду.  Жыл башынан бери Биринчи май районунун аймагында 872 митинг өттү.  1 074 кылмыш жана тартип бузуу катталып, анын 630у ачылса, 444ү ачылбай калган.  Мектеп окуучулары арасында 40тан ашык маалымат-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан соң суроо-жооп форматында катышуучулар милициянын ишмердүүлүгү боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.  Негизинен кайрылуулар жол чырактарды орнотуу, участкалык инспекторлорду дайындоо боюнча болду.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда №5, 19 милиция бөлүмдөрү иштеп, 77 милиция кызматкери, 25 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызмат өтөөдө.