Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күйүүчү майлар сакталган кампадагы өрттүн чыгышына алып келген жагдайларды тактоо боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгында мэр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына аталган кампанын ээси болгон «Триумф клуб» ЖЧКсына уруксат кагазын берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча өрткө каршы инспекциясына өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген чарбакер субъекттердин реестрин даярдоо тапшырмасы берилди.