Бүгүн «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын №1 оранжереясында Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин  студенттери менен жолугушу өттү .

Токой чарба факультетинин 3-4-курсунун студенттерин ишкананын директору Мидин Алыбаев жана башкы агроному Жаныбек Жумалиев тосуп алып, тааныштыруу лекциясын өткөрүштү. Ишкананын жамааты менен тааныштырылып, ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди жана учурда жашылдандыруу тармагында адисттер жетишпегендиги белгиленди.

«Бишкек жашыл чарба»  ишканасынын эшиктери кызматташуу үчүн ар дайым ачык, студенттер  ишкананын мастер-агрономдорунан практикадан өтүп, тажрыйба ала алышат.