21-декабрда №14 троллейбустук каттамдын жүргүнчүлөрү жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоокко күбө болушту.

Шаардыктардын  троллейбустарындагы сапарын Аяз ата жана Аяз кыз  коштоп жүрдү.

Атайын каттамда шаардыктарга бий, ырлар жана сынактар менен коштолгон жомоктогудай атмосфера тартууланды.  Балдар кубаныч менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү.

25-декабрдан тарта жаңы жылдык каармандар автобустун жүргүнчүлөрүнүн көңүлүн көтөрөт.

Белгилей кетсек, мындай акция шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна жаңы жылдык маанай тартуулоо максатында муниципалитет тарабынан башталган. Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин иштейт.