Кечээ, 21-декабрда “Ынтымак-2” сейил багында Октябрь районунун башкы балатысын жандыруу салтка айланган аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, райондун башчысы Мирлан Эшкожоев Аяз ата жана Аяз кыз менен биргеликте Жаңы жылдын башкы символу болгон – 8 метрлик балатыны жандырышты.

Мындан тышкары шаар тургундары  үчүн майрамдык шоу-программа уюштурулду.

Эскерте кетсек, 17-декабрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу салтка айланган аземи өткөрүлгөн.