Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада  жаңы жылдык жарманкелер башталды.

Жарманкелерде сиз бүт үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга жаңы жылдык белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алып, майрамдык концертке күбө болосуз.

Свердлов жана Биринчи май райондорунун биргелешкен жарманкеси 21-декабрдан 31-декабрга чейин саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.

Октябрь районунда 21-декабрдан 26-декабрга чейин саат 15:00дөн 18:00гө чейин Ынтымак-2 сейил багында болот.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Майрамдык маанай жана пайдалуу белектерге келиңиздер.