22-декабрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин, Циндао шаарынын мэри Чжао Хаочжинин, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн айымдын жана Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Канайым Бактыгулова аймдын   ортосунда видеоконференция болуп өттү.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаары менен Кытайдын Циндао шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Бишкек шаарынын мэри бул келишим ар тараптуу кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө негизделгенин жана мындан аркы ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын сапаттуу башталышы катары кызмат кылаарын белгиледи.

Өз кезегинде Циндао шаарынын мэри  быйылкы жылы «Жалпы келечекти түзүү үчүн достук шаарлардын кызматташтыгы"   иш-чарасынын алкагында, "Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык", "Циндао-Бишкек  медициналык кызматташуу боюнча онлайн баарлашуу" темасында онлайн-конференция уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле эки тарап тең диалогду түзүүгө, достук кызматташтыкты бекемдөөгө жана жемиштүү натыйжаларга жетишүүгө күч жумшаарына ишеним билдирди.