Аяз ата жана Аяз кыз троллейбустардын жүргүнчүлөрүн келе жаткан жаңы жыл менен  куттуктады. 22-декабрда шаардын көчөлөрү менен жаңы жылдык № 5 троллейбус каттамда болду.

Атайын каттамда шаардыктарды бийлер, ырлар жана сынактар күттү. Балдар үчүн өзгөчө болуп, ырларын кубануу менен айтып, таттуу белектерди алышты. Чоңдор, шаардыктар эсте каларлык сүрөткө түшүүгө шашылышты.

Эске сала кетсек, 25-декабрдан тарта жаңы жылдык каармандар автобустун жүргүнчүлөрүнүн көңүлүн көтөрүшөт.

Белгилей кетсек, мындай акцияны борбор калаанын муниципалитети баштаган. Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин каттайт.