Октябрь акимиаты кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү, кайыр сураган же иштеген балдарды аныктоо максатында профилактикалык рейддерди өткөрдү.

Иш-чара Балдар иштери боюнча комиссиянын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, билим берүү борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйынтыгында кайыр сураган 24 чоң киши аныкталды. "7-апрель шейиттери" мечитинде эки жашы жете элек баласы менен Сокулук районунун тургуну аныкталды. Мындай фактылардын алдын алуу боюнча аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түнкүсүн текшерүү жашы жете элек өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүрүүсү мүмкүн болгон жерлерди камтыды: унааларды тейлөө станциялары, интернет клубдар. Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек 2 өспүрүм унаа жууп жаткан жеринен табылган. Алар менен РИИБдин, социалдык кызматкерлер жана РИИБнин инспекторлору профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрүштү.

Мындай рейддер мындан ары да улантылат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз өспүрүмдөрдүн кайыр сурап жатканын байкасаңыз, шаардагы балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча ишеним телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0 (312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.