"PAVO" бильярд  клубунда “Эркин пирамида" боюнча бильярддык спорт боюнча олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин биринчилиги өттү.
Оюнга  2002-жылы туулган балдар жана  кыздар катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Таштанбеков Нурсултан Назарбаев 1 – орунду, Толонбаев Байдөөлөт 2-орунду, Амираев Азамат жана Огобаев Артур 3-орунду ээлешти.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы бильярд жана велосипед спорту боюнча ОРАБӨСМ уюштурду.
Иш – чаранын максаты спортчулардын спорттук  чеберчиликтерин арттыруу, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо, ошондой эле шаардыктар арасында спорттун бул түрүн жайылтуу болуп саналат.