Биринчи май  жана Ленин райондук администрациялары энергетиктери кесиптик майрамы менен куттукташты.

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев энергетика тармагынын кызматкерине Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев энергетиктерге бул оор жумушта эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мында өзгөчөлөнгөн 7 кызматкерге акимчиликтин Ардак грамоталары, 14ү грамоталар менен сыйланышты.