Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы өзүм билемдик менен орнотулган объекттилер менен күрөшүүнү улантууда.

№6 кичи районунда №15 үйдүн жанында өз ыктыяры менен 40-тонналык контейнер алынды.

Патриса Лумумбы көчөсүндө №161 үйдүн жанында күркө жана контейнер алынды.

Үсөнбаев  көчөсүндө желим буюмдарды кабыл алуучу жеңил типтеги объект демонтаждалды.

Фрунзе жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде тоок гриль жана шишкебек сатуучу эки түйүн алынды.

Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган объекттилерди өз ыктыяры менен алууну суранабыз! Эгерде талаптар аткарылбаса башкармалык тараптан тийиштүү  чараларды колдонго аргасыз болот!