Борбор калаанын мэриясында сыйлык тапшыруу аземи  өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоону уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарды жана Ардак грамоталарды тапшырды.

Дизайнер Нурбек Насыранбеков (I-media чыгармачыл бюросу) Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал борбор шаарды жаңы жылдык жасалгалоо үчүн бирдиктүү корпоративдик идентификациянын автору.

Чыгармачыл уюмдардын жетекчилери Михаил Григорьев («АТОМ» production) жана Азиз Хасанов (Antares Creative Group) да ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайт!