Бишкек троллейбус башкармалыгы "Оберег" реабилитациялык борборуна кайрымдуулук жардам көрсөттү.

Бөлүнгөн каражатка азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү буюмдар алынды.

Реабилитациялык борбор 2003-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, өспүрүмдөр жана жаштар үчүн түзүлгөн. Уюмдун ишмердүүлүгү конокторду  ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган. Булар психикалык жана физикалык жактан эң татаал оорулары бар балдар: церебралдык шал оорусу, эпилепсия, Даун синдрому, акыл-эси артта калуу, аутизм (баары 10 жаштан жогорку курактагы 1 жана 2-топтогу майыптар).

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйыл кайрымдуулук үчүн жаңы жылдык корпоративдерди өткөрбөө чечимин кабыл алган.