24-декабрда КРнын  Экономика жана коммерция министрлиги, мэрия жана «Эко-Тренд Плюс» компаниясынын ортосунда катуу тиричилик калдыктарын жана өндүрүш жана керектөө калдыктарын утилизациялоо, кайра иштетүү жана көмүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Документ -  Бишкек шаарында жылына 400 миң тонна таштанды чыгаруучу калдыктарды иргөөчү заводду долбоорлоо жана куруу болуп саналат.

Тараптар таштандыларды иргөөчү  заводду 2022-жылдын 31-декабрына чейин куруп, 2024-жылдын 30-июнуна чейин таштандыларды кайра иштетүүчү заводго модернизациялоону макулдашты.

Заводдун курулушуна каражатты «Эко-Тренд плюс» ЖЧКсы тарабынан сунушталган жеке өнөктөш камсыздайт, ал ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын шаардык тиричилик калдыктарын рекультивациялоого жана жаңы санитардык полигонунун курулушуна багытталган кредитинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын милдеттенмелерин төлөп берүүгө милдеттенет.

Таштандыларды утилизациялоо, кайра иштетүү жана көмүү боюнча иш-чаралардан алынган киреше жеке өнөктөштүн таштандыларды сорттоочу заводду курууга кеткен чыгымдарын эске алуу менен жеке өнөктөш менен Бишкек шаарынын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мөөнөтү аяктаганга үч жыл калганда жеке өнөк Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине тийиштүү техникалык абалындагы курулган объекттерди, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүүчү цехти өткөрүп берет.

Бул МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында шаарда таштандыларды иргөөчү завод курулуп, кийин аны кайра иштетүүчү заводго айландырууга болот.

Катуу калдыктар агымынан ири таштандыларды, электр жана электрондук жабдууларды, коркунучтуу тиричилик калдыктарын (сымап камтыган калдыктар, люминесценттик лампалар, батарейкалар) жана башка экологиялык зыяндуу заттарды, ошондой эле кайра иштетүү үчүн материалдарды (кайра иштетүүгө жарамдуу) мүмкүн болушунча көбүрөөк бөлүп алуу күтүлүүдө.

Экономикалык жүгүртүүгө кайтаруу үчүн 45 миң тоннадан кем эмес пайдалуу фракциялар алынат жана катуу калдыктардан 120,0 миң тоннадан кем эмес отун өндүрүлөт.

Ал эми полигонго  түшкөн таштандынын көлөмү 22 миң тоннага чейин азайып, бул таштандылардын экологияга тийгизген терс таасирин азайтып, жаңы жумуш орундары да түзүлөт. Мындан тышкары, долбоор муниципалдык таштанды төгүүчү жайдын айланасындагы экологиялык маселелерди чечүүгө таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, долбоор шаардык бюджеттен кошумча каражатты талап кылбайт.