Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык кызматтары муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгы «Коломто» муниципалдык мекемесине белек кылды. Администрациянын өтүнүчү боюнча тазалоо жана гигиеналык каражаттар, төшөнчүлөр үчүн кездемелер сатылып алынды.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш  башкармалыгы «Элистан» балалык борборуна китеп сатып алуу үчүн 10 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы балдардын социалдык адаптациялоо борборуна килем жана телевизор белек кылды.

“Бишкексууканал” башкармалыгы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык көп тармактуу медициналык-социалдык реабилитациялык борборуна белектерди тапшырды. Борборго кир жуугуч жана чаң соргучтар берилип, балдарга жаңы жылдык таттуу белектер таратылды.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйыл кайрымдуулук үчүн жаңы жылдык корпоративдерди өткөрбөө чечимин кабыл алган.