Таңкы саат 4:00дөн тарта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаарды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Учурда 10 тонна техникалык туз иштетилди. Туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө.

Тазалоого 39 техника: 26 МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 2 кум себүүчү машина, 2 алдыңкы щетка жана күрөктүү жүктөгүч,  5 трактор (Беларусь) жана 4 универсалдуу комбайн тартылган. Ошондой эле 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу нөөмөттө.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз жолдордун боюндагы айрым участоктордун тазаланбаганына күбө болсоңуз, бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыз.