Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Калаа башчысы  4-класстын окуучусу Асия Жаныбековага, 3-класстын окуучусу Баймырзе Токтобековго жана Айдана Абдыжакыповага барып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, телефондорду тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун келе жаткан жаңы жылы менен куттуктайт!