Октябрь районунда кароосуз калган балдарды жана өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган же иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө.

Иш-чараны акимчилик, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык кызматкерлер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү борборунун өкүлдөрү өткөрүүдө.

Натыйжада кайыр сураган 22 чоң адам жана 1 жашы жете элек өспүрүм аныкталды.

Орто-Сай базарында атасына тамак-аш сатууга жардам берген бир өспүрүм аныкталды. Социалдык кызматкерлер ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул үй-бүлөнү көзөмөлгө алышкан.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз бала иштеп же кайыр сурап жүргөнүн көрсөңүз, борбор калаанын балдарды жана үй-бүлөнү колдоо боюнча ишеним телефонуна кайрылыңыз:

- Биринчи май району: 0 (312) 67-03-86;
- Ленин району: 0 (312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0 (312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0 (312) 51-03-75.
- Балдарга жардам борбору: 0 (312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.