Эми шаардыктарга жаңы жылдык маанайды борбор калаадагы автобустардагы саякаттар тартуулайт.

№7 автобустагы жүргүнчүлөрдү Аяз ата менен Аяз кыз куттукташты.

Атайын каттамда шаардыктарга бийлер, ырлар жана сынактар менен коштолгон жомоктогудай маанай тартууланды. Балдар кубаныч менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү.

Белгилей кетсек, мындай акцияны борбор калаанын муниципалитети баштаган. Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин иштейт.