Урматтуу шаардыктар! Борбор калаадагы эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок биз шаардыктарды өзүңүздөрдү коргоого, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз.

Дарыгерлердин кабинетинин жанындагы кезек күтүүнү чектөө жана шаардыктарды, бейтаптарды covid-19дан коргоо максатында, электрондук ден соолук борборунун дарыгердин кабыл алуусуна  онлайн жазылуу санариптик платформасы  иштеп жатат.

Системага бардык шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору кошулган.  2021-жылы ҮМБда дарыгерлерге кабыл алууга жалпысынан 840 миң бейтап катталган. Анын ичинен 434 573 регистратура аркылуу жазылып, 321 миң 592 портал аркылуу  жана 83 миң 752 бейтап үй-бүлөлүк дарыгер аркылуу жазылган.

Урматтуу шаардыктар! Дарыгерге онлайн жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек:

1-кадам.
registratura.med.kg порталына өтүү;
ПИН (паспортто 14 символдон турган жеке идентификациялык номер)киргизүү;
Телефон номурун киргизүү.

2-кадам.
Дарыгерди тандоо

3-кадам.
Датасы жана убактысы тандоо
Жазууну ырастоо


Урматтуу шаардыктар! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Бет кап тагынып, колуңуздарды жууп жана аралыкты сактаңыздар.

Сиздерден өзүңүздөрдү дарылабай, ден-соолугуңуздарды сактоого жоопкерчиликтүү мамиле жасоону өтүнөбүз. Эгерде сиздер  ооруп жатканыңыздарды сезсеңиздер, анда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Дарыгерлер ар дайым сиздерге керектүү жардамды берүүгө даяр.