Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери өзгөчө балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Эскерте кетсек, муниципалитеттин кызматкерлери кайрымдуулук үчүн жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышкан.

Бишкек шаарындагы Республикалык  угуусу начар жана керең  балдардын №21 атайын жана жатак мектебине  колдоо көрсөттүк.

Мекеменин суранычы боюнча ашкана идиштеринин комплекттери, самын, жуучу каражаттар, мөмө-жемиштер жана таттуулар сатылып алынып, тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул жерде 319 бала билим алса, алардын 180и туруктуу жашайт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт.