Борбор калаанын бардык райондорунда жаш бишкектиктер үчүн жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Ленин районунун тургундарын аким Русланбек Тагаев куттуктады. Октябрь районунун акими да балдарга каалоо-тилектерин айтты. Балдар жаңы жылдык «Убакытка саякат» көргөзмөсүн көрүштү.

Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында Свердлов районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар, жакыр үй-бүлөлөр жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үчүн майрамдык концерт болуп өттү.

Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бактыбек Абдиев, Айканыш Ашырова менен биргеликте балдарды келе жаткан 2022-жаңы жылы менен куттуктады. Балдар «Таберик» балдар музыкалык театрынын театралдаштырылган оюнун көрүштү.

Райондук  иш-чаралар 3600 жаш шаар тургундарын камтып, аларга таттуу белектер берилди.