Борбор калаанын автобустарында Аяз Ата жана Аяз Кыз шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулоодо.

Бул жолу №36- автобустун жүргүнчүлөрүн жаңы жылдык сюрприз күтүп турган.

Атайын каттамда шаардыктага бийлер, ырлар жана сынактар менен коштолгон жомоктогудай маанай тартууланды. Балдар кубаныч менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү.

Белгилей кетсек, мындай акцияны борбор калаанын муниципалитети баштаган. Жаңы жылдык транспорт 31-декабрга чейин иштейт.