Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү муктаж болгондорду келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктоону улантууда.

Биринчи май райондук билим берүү борборунун жамааты муниципалитеттин чакырыгын колдошту. Профсоюздук чегерүүлөрдүн эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жаткан онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жаңы жылдык белектер даярдалып  таратылды.

Ал эми «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери ымыркайлар үйүнө барып, керектүү жардамдарды көрсөтүштү. Мекемеге 2 муздаткыч, микротолкундуу меш, казан, идиш-аяк жана оюнчуктар белекке берилди.

Эске салсак, борбор калаанын мэриясы быйыл кайрымдуулуктун пайдасына жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган.