Урматтуу конуштардын тургундары! Белгилүү бир акчага техникалык паспорт даярдоого жардам берем дегендерге ишенбөөнү суранабыз, алар шылуундар.

Борбор калаанын мэриясы документти даярдоого көчмө мобилдик топтор тартылып, иликтөө иштерин жүргүзүп, андан өз билемдик менен курулган жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдалып жатканын эскертет. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик каттоого түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча, 28-декабрга карата 362 техникалык паспорт берилген. Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган, 596 техникалык паспорт даярдалган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Техникалык паспортту даярдоо жер тилкесин мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуздар, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтеме аркылуу жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317