28-декабрда жаңы жылдык №6- автобус шаардыктарды ташыды.

Жүргүнчүлөрдү Аяз Ата менен Аяз Кыз куттукташты.

Атайын каттамда шаардыктар бийлер, ырлар жана сынактар менен коштолгон жомоктогудай атмосферага сүңгүп кете алышты. Балдар кубаныч менен ыр саптарын айтып, таттуу белектерге ээ болушту, ал эми чоң шаар тургундары адаттан тыш жүргүнчүлөр менен эсте каларлык сүрөткө түшүштү.

Белгилей кетсек, мындай акцияны борбор калаанын муниципалитети баштаган. Жаңы жылдык башкы сыйкырчы жана анын жардамчысы менен эс алуу транспорту 31-декабрга чейин иштейт.