Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан «Жаңы жылдык устакана » сынагы уюштурулду.

Сынактын максаты — майрам алдындагы атмосфераны түзүү, чыгармачыл педагогикалык жамааттарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо.
Быйылкы жылы тогуз бала бакча катышып, алар имараттарды жана ага жакын аймакты майрамдык жасалгалар менен кооздоду.
Гран-при №180чи бала бакчага, 1-орунга №182 жана 172-бала бакчалар, 2-орунга №165 жана 73-бала бакчалар, 3-орунга №131 жана №184-бала бакчалар ээ болушту.

Сынактын бардык катышуучулары дипломдор менен сыйланышты, ал эми активдүү катышкандыгы үчүн №47чи жана № 14- мектепке чейинки билим берүү мекемелери ыраазычылык каттары менен сыйланышты.